КООМ

«Ошэлектронун» башчысы Даминов тендер мыйзамын бузганбы?

Мурда «Ошэлектро» Ачык акционердик коомунун «Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинде» иштеп кеткен жаран аталган жердеги мыйзам бузуулар жөнүндө жазып чыккандарын окуп калып, ал адам менен байланышып, сөзгө тарттык.


Анын айтымында, «Ош Электро» ААКнун жектекчилиги Ош облусунун Чоң-Алай районунда жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартууга тендер жарыялаган. Тендер ТЭОсу жок эле откорулгон. Тендерди уткан фирма аны аткаруу ишине катышкан эмес, жон гана озунун 8% улушун алып кетишкен. Аталган иш «Ошэлектро» ААКынын кызматкерлеринин күчү менен эле аткарылган. Стандарт боюнча железобетонный түркүктөр (опора) коюлушу керек болчу, бирок анын ордуна сапаты начар темирден трубаларды орнотуп коюшкан. Бул стандартка да жооп бербейт, коопсуздук жагынан да талапка жооп бербейт.


Андан сырткары Ошто темир эритүүчү «Хунда» компаниясы, иштеткен электр энергиясы үчүн кубаттуулугуна жараша төлөбөйт. Мисалы, миллион сомдук электр жарыгын иштеткен болсо, «Ошэлектронун» базасына жүз миң сом деп жазылат да, калганын бөлүшүп алышат. Бул ишкананын электр эсептегичи тез-тез алмашып да турат экен.
Ошондой эле Ош облусунун тургундары үчүн коюлуп жаткан акылдуу эсептегичтер, жөнөкөй эсептегичтер баары акчага сатылат. Абоненттер үчүн бекер коюлушу керек болгон эсептегичтер «Ошэлектро» ААКынын метрология кызматынын жетекчиси Ноорузбаев Тайырдын уулунун дүкөнү тарабынан сатылат. Мисалы, акылдуу эсептегичтер 15-20 миң сомго сатылат, бул мурунтадан бери келе жаткан көрүнүш.

Энергосбыт Ош мындан 4 жыл мурда жаңы имаратка ээ болгон. ХБКнын бир блогун «Ошэлектро» сатып алган, ошол сатылып алынган блоктун 80% — Энергосбытка берилип, анын 20% бөлүгүн гендиректор Дыйканбай Даминов өзүнө менчиктештирип алып, ал жерге офис салып жатат.
«Ошэлектро» ААКынын кызматкерлери июнь айынын аягында апрель айынын айлыгын алып жатышат. Бирок ААКтын документи боюнча алар май айынын айлыгын алып жатканы көрсөтүлөт. Ортодо кызматкерлердин бир айлык маянасы жок болуп кетүүдө дейт.
Д.Даминовго чейинки жетекчилердин тушунда андай болгон эмес экен. Кызматкерлер албай калган бир айлык маянасын сурагандан коркушат, айлыгын сураса эле арызыңды жазып кет деп коркута берет экен.

«Финансы полициясына электрондук түрдө кайрылсам, ишти Оштогу бөлүмү каралсын деп чечим чыгарышыптыр. Бирок Даминов алардын тилин бат эле таап ишти жаап койду дейт каарман.
Мен жумуштан алынгандан кийин президенттик аппаратка, депутаттарга кат жаздым алардын жыйынтыгын күтүп жатам. Мурда мени менен чогу иштеген кесиптештерим чалып, сенин айыңдан финполго деп акча чогултуп жатабыз деп мени жаман көрүштү», — дейт — «Ошэлектронун» мурдагы кызматкери.
Ал мыйзам бузуулар тууралуу иштеп турган кезинде деле айтып келгенин, бирок ага эч ким көңүл бурбаганын кошумчалады. Президентибиз демилгелеп жаткан коррупцияга каршы аесуз күрөш учурунда, «Ошэлектронун мурдагы кызматкери айтып жаткан фактылардын чын-төгүнүн тийиштүү органдар жакшылап иликтеп чыгышы керек деп эсептейбиз. Өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр Энергохолдинг жана ЖЭБ менен эле чектелип калбаган, распредкомпаниялардын баарын дыкат текшерип чыгуу учур талабы…