КООМ

4 жашар бала аман-эсен табылды

Бүгүн, Баткен шаарынын тургуну 2015-жылы туулган Айдарбек уулу Бактыбек Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылындагы таятама барам деп үйүнөн эч кимге айтпай саат 12лер чамасында чыгып кеткен. Баткен шаарынан өткөн К.Батырканов каналын бойлоп, 4-5км жолду жалгыз жөө басып баратканда жолдон Баткен ШИИБнүн кызматкерлери жаш баланы токтотуп, сураганда ал таятама барам деп жооп берген. Ата-энесинин ким экендигин тактап айтып бере албаган соң, шаардык милиция тиешелүү иштерин жүргүзүп, баланы аман-эсен саат 16.30дарда баланын жакындарына тапшырды. Бул жаш баланын жакындары аман-эсен таап берген Баткен ШИИБнүн ага участкалык уполномоченныйы милициянын лейтенанты Ысманов Русланга, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү милициянын капитаны Гүлзат Бектурсуновага жана милициянын капитаны Нуржамал Абдубалиеваларга чоң ыраазчылыктарын билдирип кетти. Урматтуу ата-энелер, кол алдыңыздагы жаш наристелерди кароосуз калтырбаңыздар! Азыркы күндө күн ысыктыгына байланыштуу көп жаш балдар сууга агып, же башка бир кырсыкка учураса бул жалпыбыздын кетирген катабыз болот! Ошондуктан ар бир ата-эне өз балдарын коопсуздугун сактаса деген ойду айткым келет.

3жашар бала аман-эсен табылды. Бүгүн, Баткен шаарынын тургуну 2015-жылы туулган Айдарбек уулу Бактыбек Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылындагы таятама барам деп үйүнөн эч кимге айтпай саат 12лер чамасында чыгып кеткен. Баткен шаарынан өткөн К.Батырканов каналын бойлоп, 4-5км жолду жалгыз жөө басып баратканда жолдон Баткен ШИИБнүн кызматкерлери жаш баланы токтотуп, сураганда ал таятама барам деп жооп берген. Ата-энесинин ким экендигин тактап айтып бере албаган соң, шаардык милиция тиешелүү иштерин жүргүзүп, баланы аман-эсен саат 16.30дарда баланын жакындарына тапшырды. Бул жаш баланын жакындары аман-эсен таап берген Баткен ШИИБнүн ага участкалык уполномоченныйы милициянын лейтенанты Ысманов Русланга, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү милициянын капитаны Гүлзат Бектурсуновага жана милициянын капитаны Нуржамал Абдубалиеваларга чоң ыраазчылыктарын билдирип кетти. Урматтуу ата-энелер, кол алдыңыздагы жаш наристелерди кароосуз калтырбаңыздар! Азыркы күндө күн ысыктыгына байланыштуу көп жаш балдар сууга агып, же башка бир кырсыкка учураса бул жалпыбыздын кетирген катабыз болот! Ошондуктан ар бир ата-эне өз балдарын коопсуздугун сактаса деген ойду айткым келет.

Опубликовано Дамира Юсупова Пятница, 21 июня 2019 г.