КООМ

Дарыгерлерге ачык кайрылуу

№1 Үй-Бүлөлүк дарыгерлер борборунун офтальмолог дарыгери Акматова Айсаада ачык кайрылуу менен чыкты.
Ал Ленин райондук Бириккен Үй-Бүлөлүк дарыгерлер борборунун профсоюздук комитеттин жетекчилиги мыйзам чегинде иштебей жаткандыгын айтат. Айтымында, профсоюздун жетекчиси 3 айдан бери шайланбай жатыптыр.
Айсаада Акматова аталган уюмдун жетекчилик кызматына өзүнүн талапкерлигин коюп жатканын, эгерде кесиптештери колдоп бере турган болсо, мыйзам чегинде иштеп, кызматкерлердин укугун коргоп берүүгө даяр экендигин айтууда.