САЯСАТ

К. Бокоев, ЖКнын депутаты: “Газ куурларын “Газпром” ишканасы кургандай, электрди элге тийиштүү тармактар жеткирүүгө милдеттүү”

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Отун энергетика комитетинде мына ушундай сунушту депутат Кенжебек Бокоев көтөрүп чыкты. “Электр энергиясын элге жеткирүүдө тийиштүү тармактар продукциясын сатууну эл мойнуна артып коюшкан. Чынында электр чубалгыларын, трансформатор жана башка иштерин алар өздөрү кылып, элге саткан электр үчүн акча алышы керек болчу. Бирок, алар баарын эл мойнуна артып коюшкан”-деди депутат Бокоев.
Кыргызстан суунун мекени болгонубуз менен электр энергиясына болгон тартыштык же болбосо элдерге карата ал багытта эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Ал турсун энергияны өзүбүз өндүрүп жатып, аны калкты камсыз кылуу учурун да туура эмес пайдаланып жатканыбыз бар. Биздин өлкөдө эң кирешелүү жана тынымсыз акча айланып турган тармак –бул Электр ишканалары болуп эсептелет. Алар өндүргөн электр продукциясы тынымсыз сатылат жана ага муктаждык аябай күчтүү. Бирок, ошолго карабай Кыргызстандын Электр ишканалары өздөрү чыгарган продукцияны сатууда өз абоненттеринин укуктарын бузуп, өндүрүп чыккан электр энергиясын сатып алууда, аны жаңыдан муктаж болгон жаңы абоненттерге өздөрү сатып алууну, башкача айтканта зым чубалгыларын, устундарды, Трансформаторлорду элден акча чогултуп ишке ашырууну кылып келишет.

Бул мыйзам боюнча туура эмес экенин, одоно каталарга жол берилип келе жатканын баарыбыз эле жакшы билебиз. Зарылдыктан улам, убакыттан уттурбастын амалы менен кечеңдеген тийиштүү тараптардын аракетинен кийин аны Элдик салымдар менен ишке ашырууну жалпы эл өз моюндарына алып келет. Мындай аракеттер туура эмес экендигин, пайда таап жаткан мамлекеттик мекемелер калкты электр менен жабдууну өз моюндарына алуусу керектигин жана ал мыйзамда дааны көрсөтүлгөнүн ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде көтөрүп, ал турсан аткарылбай жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты. Ал аталган комитетте биринчи окууда жактырылды. «Газпром Нефт ишканасы өзүнүн продукциясын сатуу үчүн абоненттерге аны өздөрү жеткирип берип, эсептегичтерин коюп жатышат. Анткени, алар сатып акча табууда. Эле электр энергиясы деле ошондой продукция. Эмнеге аны тейлеген мекемелер ошондой жол менен элге жеткирип бербейт. Бул мыйзамда жазылган, бирок аткарбай келет. Биз ага даагы толуктоолорду киргизип жатабыз”-деди Бокоев.