МАЕК

Темир Сариев: “Форумдун негизги маңызы, идеология сөз – жасалма интеллект болду”

Өлкөнүн мурунку премьер-министри Темир Сариев Санкт-Петербург шаарында жыл сайын өтүп туруучу эл аралык экономикалык форумга катышып келди. Форумдун уюштуруучулары Темир Аргенбаевичти конок катары чакырышыптыр. Кандай маселелер талкууга коюлганын, эмнеге таасирленгенин айта отурду.

—Темир Аргенбаевич, биз билгенден жакында эле Санкт-Петербург шаарына экономикалык эбегейсиз чоң форумга барып катышып келдиңиз, сиз ал жакка кантип барып калдыңыз?

—Санкт-Петербург шаарында жыл сайын эл аралык масштабда Россия президенти Владимир Путиндин патронажы менен экономикалык чоң форум өтүп турат. Быйыл 6-июндан 8-июнга чейин болду. Уюштуруу комитеттин чакыруусу менен катышып келдим. Негизги темасы – Росиия Федерациясынын туруктуу өнүгүүсү делип, үч күн катары ушу теманын алкагында ар кандай иш чаралар болду. 

—Форумга аттуу-баштуулардан кимдер келди?

—Быйылкы чакырууда Кытай өлкөсүнүн президенти Си Цзиньпин келди. Экинчи күнкү пленардык жыйында Путин өзү катышып, негизги геосаясат темасында сөз болду. Жыйындын модератору болуп кадимки эле Эдуард Шеварднадзенин небереси Софико Шеварднадзе алып барды. Путинден сырткары Си Цзиньпин, Болгария президенти Румен Радев, Армениянын премьер-министри Никола Пашинян, Словакиянын премьер-министри Петер Пеллегрини, БУУнун башкатчысы Антониу Гутеррештер сөз сүйлөштү. Россия мамлекетинде өзүнүн бизнеси менен дүйнөгө таанылган компаниялардын башчылары жана ар түрдүү багытдагы мыкты адистер, күчтүү эксперттер, 145 мамлекеттен 19 миң катышуучу келгени маалымдалды. Бул өзү коммерциялык форум. Ар бир катышуучу өзүнүн жеке кызыкчылыгына жараша үч күнгө акча төлөп катышат. Эң кымбаты 450 миң, жөнөкөйү 350 миң рубль турат. А мен болсо оргкомитеттин чакыруусу менен конок катары бардым. 

—Башында “Форумдун негизги  темасы “Туруктуу өнүгүү” деп айтып кеттиңиз. Айтсаңыз, форумдун жүрүшүндө эмнеге катуу таасирлендиңиз?

—Форумдун жүрүшүндө “Росиянын экономикасы, жаңы багыттарды издөө”, “Мамлекет жана бизнес”, “Өнүгүү тепкичи” жана эң негизгиси “Жасалма интеллект”, “Санариптик багыт” тематикадагы панелдик дискуссияларга катыштым. Туруктуу өнүгүүнүн эң негизгиси идеологиясы катары “Жасалма интеллект” болду. Бул боюнча абдан чоң талкуулар өттү. Мен ушуга катуу таасирлендим. Жакынкы 10-15 жыл аралыгында дүйнөнүн өнүгүү багыты жасалма интеллектке жана санариптик багыт болуп эсептелерине көзүм жетти. Бул абдан чоң, кескин түрдө өзгөрүүлөрдү апкелет. Адамдын жөнөкөй турмушунан баштап, жогорку илимий техникалык багытка чейин кетет. Жасалма интеллект жашоонун образын, мамилелерди  өзгөртөт. Мейли өндүрүштө, мейли айыл чарба продукциясын өстүрүүдө болбосун жана ошондой эле билим алуу окуу тармагында болобу же саламаттыкты сактоодо болобу ж.б. ушулардын баары тең жасалма интеллект менен тыгыз байланышта болот. 

—“Жасалма интеллект” дегенди жалпак тил менен түшүндүрүп кетсеңиз…

—Мисалы, Россиядагы “Сбербанктын” жетекчиси айтат: “Бүгүнкү күндө биздин жалпы жүгүртүп аткан акчабыздын жана көрүп аткан кирешебиздин 30-40 пайызы жасалма интеллекти колдонуу менен кылабыз. Мисалы, эгер бизге бизнесмен адам келди дейли, эки млрд. рубль кредит алам деп заявка таштады. Биз ал бизнесмендин документ-кагаздарын мурунку ыкма менен карап, адамдар жанталашып, өтө тездикте  иштеп, кредит берчү убакка чейин 14 күн коротсок, ал эми жасалма интеллект, компьютер менен 7 мүнөттө гана баардыгын тыкыр текшерип туруп, “буга кредит берсе болот же болбойт” деп айтып коет” деди. Тиги жакта бир адамга кредит бериш үчүн болбоду дегенде 15-20 киши алек болот. А бу жерде компьютер. Дагы бир мисал, “Тинькофф” банктын жетекчиси Олег Тиньков айтып калды “биздики 100 пайыз жасалма интеллект менен иштейбиз. Убагында “Мобилдик банк” түзөм дегенде күлүшкөн, кантип, офиси жок банк болот” деп. Россияда жасалма интеллект багытында өсүп келаткан “Яндекс” компаниянын башчысы отурду. Бу жерде жалгыз эле поисковик эмес такси, тамак-аш жеткизишет, туристтик компания бар, консалтинговая компания ж.б.  Мен муну менен эмнени айткым келип атат, биз дагы санариптик багыттагы мамлекет деп, алгач коопсуз шаарды киргиздик. Мамлекеттик кызматтын орчундуу бөлүгүн электрондук кызматка өткөзүп, жанагындай 20-30 справка чогултпай элге жеңилдетип, арызыңды берип койсоң, компьютер өзү кыска мөөнөттүн ичинде иштеп чыгат. Мун эч ким алдабайт, ал акча сурабайт.

—Жасалма интеллект – адам эмес, болгону адамдын ордундагы компьютер экен. Анан адамдар ишсиз калбайбы, бул жагы кантет?

—Дүйнөдө андай коркунучтар бар. Мурун 10 же 20 киши жасаганды бир эле кичинекей компьютер жасап коюп атпайбы. Ал тамак сурабайт, перерыв сурабайт, ал өлгөнгө кетпейт, ал тойлоп кетип, кийинки күнү башым ооруп атат дебейт. Суке, сен мага берген суроо форумда катышкан адисттерге да берилди. Алар “тескерисинче, жанагы түйшүк жараткан, адамзатка ыңгайсыздык жараткан жумуштарды жеңилдетет” дешти. Жасалма интеллекттин багытында эки нерсе абдан орчундуу экен. Биринчиси, тез ылдамдыкта иштей турган 5G стандарты менен компьютерлер. Экинчиси, абдан чоң маалыматты териштирип, иргеп иштеп чыгуу. Форумдун негизги маңызы – жасалма интеллект болду. Албетте, биз мындан артта калбашыбыз керек, өздөштүрүүбүз керек, буга абдан көңүл буруубуз абзел. 

—Темир мырза, жасалма интеллект менен шугулданып, өзүлөрүнүн ишканасына жалгаштырган компаниялар ишти эмнеден баштаганын айтыштыбы?

—Яндекс компаниясы алгач баштаганда “СССР тушундагы мыкты физик математиктерди издедик” дейт. Анткени, булардын акылы жана ой жүгүртүүсү башкача болот эмеспи. Алгоритмдерди жазууга жардам беришиптир. Андан кийин ЖОЖдордогу физ-матта окуган студенттерге барышыптыр, алар менен иштешиптир. Жетишпей жатканын айтышып, бүгүнкү күндө адисттерди даярдоодо мектептерге барып, биргеликте иш алып барып атканын саймедирешти. Ошол эле учурда келечекте жасалма интеллект коомчулукка кулачын кенен жайгандан кийин башка адисттер психолог, социолог ж.б. профессиялар керек болуп каларын кошумчалашты. 

—Жасалма интеллекти кимдер, коомдун кайсы мууну иш жүзүнө ашырышы керек?

—Өткөн кылымдын аягында, 90-жылдары төрөлгөн балдар интернет доорундагылар. Ал эми азыркы учурда төрөлүп аткандар жасалма интеллект доорундагылар десек жаңылбайбыз. Коомго жаңылык киргизип, сапаттуу секириктерди кылышат. 8-9 айлык, жадагалса тилдери чыга элек наристелер телефонду “чагып”, колдоруна жөн эле берип койсоң, бизден кыйын билишет. Бүгүнкү бизде жашап аткан ааламдашуунун багыттары.