ДҮЙНӨДӨ

Казакстанда эки күндүн ичинде 700 киши кармалды

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Кожаев 9-июнда Нур-Султанда кармалган адамдардын «200гө жакыны» Акмоло жана Караганда облустарына чыгарылганын билдирди.

«Алардын бир бөлүгү административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Калгандары камакка алынды», — деди Кожаев.

10-июнда кармалган айрым адамдар аларды шаардын сыртына чыгарып баратышканын билдиришкен. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында нааразылык акциясына чыккан «200гө жакын» киши кармалып, 150сү административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди.

«9-майда эки шаарда 500 киши кармалып, алардын 400үнө айып салынды. 10-июнда 200 жакын адам кармалып, 150гө жакыны администравтидик жоопкерчиликке тартылды», — деди ИИМдин рамий өкүлү Нурдилда Ораз.

Казакстанда 9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоо нааразылык акциялар жана жүздөгөн адамдардын кармалышы менен коштолду. Алматы жана Нур-Султан шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 10-июнда дагы адамдар кармалды. Укук коргоочулар менен күбөлөр полиция кармалган жарандарга карата катаал мамиле кылып жатышканын билдиришүүдө.

Күн мурун жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаев полицияны мактап, нааразылык акциялардын катышуучуларын кармоо «зарыл экенин» белгиледи.