САЯСАТ

Туйгунаалы Абдыраимов кызматтан алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотту.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.