КООМ

«Эко Исламик Банкка» алданган жаран Президентке кайрылуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын
Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
Смаилов Болотбек Тургумбековичтен

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизден чындыкты, акыйкаттыкты, орнотуп берүүңүздү суранып, кайрылуу жолдоп олтурам. Эми сөз башынан болсун. Мен Смаилов Болотбек Тургумбекович 2012-жылы Сокулук районунун 20 хутор айылында мал алып, мал сатып шеригим менен иштеп, ишибиз жакшы жүрүп жаткан. Ар бир каттамда 50000, 100 000, 150 000 сомго чейин пайда көрүп акчаны шеригим менен тең бөлүшүп жүрдүк. Ошентип жакшы иштеп жүргөнүбүздө 20 хуторго “Эко Исламик Банктын” жетекчиси Шамиль Муртазалиев “Эко Исламик Банктын” бир нече кызматкерлери менен келип ошол жердеги мал сатып жүргөн 20-30 адамды чогултуп, өзүнүн мал чарба багыттагы долбоорун айтып, анын негизинде “Эко Исламик Банк” аркылуу мал сарай, анын ичин малга толтуруп берем деген сунушун айтып, арабыздан бул долбоорду кимиң ишке ашыра аласыңар дегенде, мен макулдугумду бергем. Ошентип ошол жердеги бир топ адамдардын алдында “Эко Исламик Банктын” жетекчиси Шамиль Муртазалиев экөөбүз кол алышып, ишти баштадык. Алгач “Эко Исламик Банктын” жетекчилиги жана алардын эксперти Болот Алиев беш жылдык мөөнөттү пландап, ишти баштаганбыз. Ошентип Шамил Муртазалиев өзү айткандай мал сарайды алып, анын ичин малга толтуруп берди. Бирок мен дагы куру кол келбей, баары мыйзамдуу болушу үчүн, бул долбоордун алдында ал жетектеген “Эко Исламик Банкка” ошол учурдагы баасы 12 600 доллар турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаамды жана 300 баш коюмду койгом. Мындан тышкары менин досторум бири 100 баш бука, экинчиси 70 баш бука кепилдикке коюп берген. Ошентип беш жыл аралыгында анын салган акчасын пайдасы менен чыгарып берип, макулдашууга ылайык ал сарай мага калмак. Биз сүйлөшүүгө ылайык ишти ыкчам баштап, анын салган акчасын пайдасы менен чыгарып бере баштаганбыз. Төлөнгөн акчалар боюнча квитанцияларым бар. Ортодо өтө чоң өлчөмдөгү каражат айланган. Арадан төрт жыл өткөн соң, анын ичи күйдүбү айтор, макулдашууну жокко чыгарууга далалат жасап, ойю бузулуп, мени “искусственный” банкротко алып келди. Көрсө “Эко Исламик Банктын” сарай сатып алып, мал бактырып акча табыш үчүн түзгөн “генеральный” планынын арасында банктын ошол кездеги жетекчиси Шамил Муртазалиев, штаттан тыш жардамчысы Азиз Кашкараев, Председатель правления Каленбаев Нурбек, директорлор кеңешинин орун басары Корито Наталья, зам пред правления Хохлова Галина, бөлүм башчы Аскат Чоноров, башкы адис Азамат Бердигулов. Мына ушул адамдар “Эко Исламик Банктын” кызматкерлери, булар бул долбоордун ишке ашышына, мени менен кызмат кылышкан. Эми булар мени менен иштешип, жакында сарай сизге өтөт деп жүрүшүп, азыр болсо мени тааныбайбыз деп, Исаевдин жардамчысы белең деп олтурушат. Алар алдамчылык жол менен, мени ар-түрдүү ыкмалар менен азгырып, короодогу менин 280 баш бодо малымды алып, ордуна акчалай беребиз деген бойдон таптырбай кетишти. Андан бери үч жыл өттү же малыман жок, же акчадан жок, же сарайдан жок, талаада калдым. Шамиль Муртазалиев болсо менден качып, жолугушууга даай албай жатат. Мен Шамиль Муртазалиевден ал жетектеген “Эко Исламик Банктан 280 баш бодо малымдын акчасын кайтарып берүүнү талап кылам. Бирок алар мени тоготпостон, колуңан эмне келмек эле деген таризде теңсинбей жатышат. Кыскасы, аларга ишенип олтуруп, акырында аларга алданып калып, кыйын абалга кептелип олтурам, жүрөгүм ооруп оор абалда инфаркка кабылып, инвалид болуп калдым.

Азыр бул иш боюнча ИИМге арыз жаздым, анын алкагында “алдамчылык беренеси” боюнча “Эко Исламик Банкка” жана жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иштин алкагында Поляков сурак берип, баарын так жана туура айтып берди.

Ал эми булар дагы куйтулук кылып, ошол учурдагы мени менен иштеген банктагы сотрудниктерин убактылуу кетиргенин кетирип, которгонун которуп жиберүүгө үлгүрүптүр. Ал гана эмес, өзү дагы жетекчилик кызматын өткөрүп бериптир. Азыр бул иш козголгондон бери банктын кызматкерлери бизге келип, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” демекчи, эмне болсо да банктын атын атабагыла деп, сактанып жаткандары, алардын күнөөсү бар экенин мойнуна алганы болуп жатпайбы?
Биз иштеп баштаганда “Эко Исламик Банк” тарабынан Болот Алиев эксперт болуп келип, бул ишти алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүп жүрдү. Кийин “Эко Исламик Банк” тарабынан мага бут тосуулар башталганда, Болот Алиев өзүнүн чынчылдыгын таанытып, жетекчилигине каршы чыгып, жакшы нукта кетип жаткан ишке эмне тоскоолдук жаратып жатасыңар” деп акыйкат сөзүн айткан. Анын алкагында Алиевди башка ишке которгон болуп, акырында жөн гана иштен алып тынбай, үч-төрт айлык маянасын бербей коюшту.

Дагы баса белгилеп кетчү жагдай, мен Шамиль Муртазалиев менен кол алышып иш башталаар алдында бул мал чарбачылыгын өзүмө каттатып берүүнү сүйлөшкөнбүз. Ал ага макул болуп, менден бир гана чындыкты, ишти так аткарууну талап кылган. Мен ага берген убадама туруп, чындыкты туу тутуп, ак иштеп, баарын так аткардым. Менин ишимди жалпы коомчулук билет, ММКларга да байма-бай чыгып аттым. Кийин дагы бир ирет документтерди тууралоо, мага каттатуу маселесин көтөргөнүмдө ал дагы бир шылтоону айтып, кечиктирди. Ошентип Шамил Муртазалиев алгач сарайдын документин Поляков деген жаранга каттатып салат. Арадан бир жыл өткөн соң кайрадан тууганы Исаев Магомед атту жаранга каттатып коет. Бул учурда мен ага кайрылып бул кандай, ишти мен аткарып жатам, кол алышканда кандай деп сүйлөштүк эле дегенимде, дагы бир шылтоону айтып, каттатып берем деп алдап кетти. Аныгында ишти мен жүргүзүп, “ЭКо Исламик Банктан” акчаларды мен алып, жумушчуларыма чейин өзүм көзөмөл кылып, маяналарын берип аттым. Болгону документ жагын жогорудагы тааныштарына жазып койгон. Эгер жалган дешсе келишсин, баарын тактап айтып бере алам. Керек болсо ошол Поляков менен Исаев бул сарайга бир басып келген эмес, аларды эч ким тааныбайт. Сарайдын схемасын дагы билишпейт. Биз бул ишти баштоонун алдында түлөө өткөрүп, отузга чукул адамдын көзүнчө Шамил Муртазалиев бата берип жатып, чындыкты карманып, жакшы иштесең, беш жылдан кийин сарайды сага өткөрүп берем деп убада берген. Буга ошол жердеги эл күбө. Бир ирет “Эко Ислам Банкты” Улуттук банк текшерип келгенде, банктын кызматкерлери менден өтүнүп бул чарбачылык боюнча айлык акы алат дедиртип кол коюну суранганда, кол коюп да бергем. Ал эми аныгында Шамил Муртазалиев менен сүйлөшүүнүн негизинде мен айлык алуудан баш тарткам. Себеби, жогоруда белгилеп кеткенимдей мал чарбанын ээси мен болуп, документтер мага катталмак. Анан өз чарбаман өзүм айлык алмак белем. Кыскасы Ислам принциптерине таянган болуп жүргөн Шамил Муртазалиев каратып туруп калп айтып, мага окшогон карапайым жарандардын ырыскысын тартып алганына жооп бериши керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизге Конституциянын гаранты, карапайым калктын тиреги катары, илгери үмүт менен кайрылып жатам. Сизден жогорудагы келтирилген фактыларга көңүл буруп, тиешелүү органдарга тапшырма берип, чындыкты орнотуп берүүңүздү өтүнөм.

Терең урматым менен Смаилов.Б.Т

Тел: 0556 99 99 28 06.06.2019 ж.

Булак: Де-Факто