КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Баткен: 5 айда 24 мал уурулук фактысы катталды

Бул мал уурулук фактыларын алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулукка каршы күрөшүү багытында «Мал ууру», «Касапчы» аттуу иш-чаралар үзгүлтүксүз эле жүргүзүлүп келет. Анткени чек аралаш аймактардагы милиция пункттарында КРнын ИИМнин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте милициянын уполномоченныйлары күнү-түнү жер-жерлердеги жашоочулардын ар биринин үйлөрүно кирип профилактикалык иштерди жүргүзүп келет. Бирок ошентсе да мал уурулуктун аягы тыйылбай жатат. Анткени уурдалган малдар көбүнчө талаалардан уурдалып жатат. Баткен облусунун аймагында беш ай ичинде 24 мал уурулук фактысы катталып, 45баш мал жоголгон. Анын ичинен 15фактысынын бети ачылган.
Мал уурулук негизинен Кадамжай, Лейлек райондорунда көп катталып жатат. Кадамжай районунда жалпысынан 5ай ичинде 13факт мал уурулук, башкача айтканда 26 баш бодо мал уурдалган. Малын уурдаткан жабырлануучуларга 950000сомдук зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө 12мал уурулук фактысынын бети милиция кызматкерлери тарабынан ачылып, 380000сому жабырлануучуларга кайтарылып берилген. Калк арасында бул кылмыштардын бетин ачкан милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирген жарандарыбыз да жок эмес.