КООМ

Коомдук маршрутканын айдоочусу жүргүнчүгө кол көтөрдү (видео)


Бишкекте коомдук маршрутканын айдоочусу жүргүнчүгө кол көтөрдү. Бул тууралуу окурманыбыз вотсап аркылуу кабарлады.
Мвалыматка таянсак, жүргүнчү айдоочуга миң сом берген. Бирок айдоочу кайтымын берүүнүн ордуна жүргүнчүнүн колун кайрып, унаадан түшүрүп салган.
“Негизи айдоочу канча сом болбосун кайтымын берүүгө милдеттүү. Бирок 258-маршрутканын айдоочусу орой мамиле кылып, мени унаадан түшүрүп салды”,-дейт окурман.