КООМ

ИИМДЕ “ПСИХОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТЫН АКТУАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ” ТЕМАСЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

2019-жылдын 4-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратында “Психологиялык кызматтын актуалдуу көйгөйлөрү” темасында тегерек стол өттү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы ички аскердин подполковниги Н. Метеров, ИИМдин Академиясынын профессору А. Токомбаева, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын ага тескөөчү-пихологу милициянын майору Ж. Сманова, ИИМдин коомдук кеңешинен милициянын отставкадагы полковниги А. Зеличенко, андан сырткары ИИМдин атайын кызматынын командирлери катышты. Тегерек столдун модератору ИИМдин “Шумкар” АБПнын Атайын операциялар отрядынын ага тескөөчү-психологу милициянын лейтенанты А. Зайырбекова болду.
Аталган иш-чаранын максаты психологиялык кызматтарды бөлүштүрүү, мобилизациялоо жана жакшыртуу болуп эсептелди.
Ички иштер министрлигинде психологиялык кызмат 2008-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда психологиялык кызмат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын алдында иштерди жүргүзүп, анда 4 психолог иштеп, ар бири 1500-2000 кызматкерге чейин кызмат көрсөтүшөт. Андан сырткары облустук аймактык медициналык кызматтарында 5 штаттык бирдик бар. Психологиялык кызматтын ишмердүүлүгү коллективдердеги моралдык-психологиялык чөйрөнү изилдөөгө, профессионалдык психологиялык даярдыктан өткөрүүгө, жаш милиция кызматкерлерине психологиялык жардам көрсөтүүгө жана кызматкерлерди психологиялык жактан даярдоого, анын ичинде кооптуу кырдаалдардагы иш-аракеттерге, кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Тегерек столдо квалификациалуу кадрлар менен камсыздоо боюнча ИИМдеги кадрдык саясатка тиешелүү, психологиялык методикалар жана техникалык каражаттар менен камсыздоодогу көйгөйлөргө байланышкан маселелер каралды. Андан сырткары, коомдогу укуктук тартипке таасир берген социалдык-психологиялык көрүнүштөрдү изилдөө боюнча маселелер дагы талкууланды.
Тегерек столдун жыйынтыгында психологиялык кызматтын түзүмүн иштеп чыгуу жана башка кызматтар менен кызматташууну уюштуруу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.