САЯСАТ

Темир Сариев Санкт-Петербург шаарында Экономикалык форумга катышууда

«Ак Шумкар» партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында «Эл аралык Экономикалык форумга» катышат. Темир Сариевди бул форумдун уюштуруу комитети расмий чакырышкан.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин катышаары маалымдалды.

Мындан тышкары бул форумга 120 өлкөдөн он миңге жакын делегаттар чакырылган.

Белгилей кетсек, бул Экономикалык форумду Россия федерациясынын президентинин аппараты уюштурууда.