САЯСАТ

Өкмөт башчы Туйгунаалы Абдыраимовго чара көрөт

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдыраимовдун кылыгына өкүнөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Премьер-министр кол алдындагыларга ар дайым ачык айкын иштөөнү талап кылат.
Окуянын чоо-жайы иликтенип чыккан соң, Т. Абдыраимовдун ишине баа берилет.
Эске салсак, 5-июнь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында жаш өспүрүмдөрдүн арасында чыр чыккан. Окуя болгон жерге барган Т. Абдыраимов журналист кызга «Сенин бетиң мага жаккан жок, сага комментарий бербейм», — деп басып кеткен.
Бүгүн, 6-июнда журналисттер кесиптешин колдоп, Чүй олбустук администрациясынын алдына барышкан. Т. Абдыраимов журналисттерди алгач бир саат кабыл албай, кийин кабыл алууга аргасыз болгон. Журналисттердин толук суроолоруна жооп бербей качып кеткен.