КООМ

Абдыраимов: Журналист кыздан кечирим сурабайм

Кечээ, 5-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында жаштардын ортосунда массалык мушташ чыккан. Жерине барган Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Турйгунаалы Абдыраимов журналист кызга «Сенин бетиң мага жаккан жок, сага комментарий бербейм», — деп күлүп кетип калган.
Бүгүн, 6-июнда журналисттер Чүй облусттук администрациясына барышты.  Алар менен жолугушууга чыккан Туйгунаалы Абдыраимов айткан сөзүнө өкүнбөй тургандыгын, журналист кыздан кечирим сурабастыгын билдирди.