КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кадамжайда мал уурдаган киши кармалды

Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Дөөчар айылдарынын 3тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында ушул жылдын 28-майынан 29-майына караган түнү үлүш жерине байлап койгон малдарын белгисиз адам тарабынан уурдалгандыгын билдирген. Бул айыл тургундарынан жалпысынан 7баш ноопаздар жоголгон. Бул жагдай боюнча жогорудагы кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, алардын бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2019-жылдын 30-май күнү жогорудагы кылмыштарга шектүү, Өзгөн шаарындагы мал базарынан Кадамжай районунун Марказ айылдык аймагынын Дөөчар айылынын тургуну 47жаштагы тургуну Т.М. аттуу тургуну кармалып, ал жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгын толугу менен мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн берген. Кармалган шектүү уурдалган малдардын төртөөсүн сатып, үчөөсүн сатканга үлгүргөн эмес. Азыркы күндө сатылбай калган 3баш мал өз ээлерине кайтарылып берилди. Ал эми сатылып кеткен малдар боюнча учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.