КООМ

Ошто блогердин сабалуусу: 10 милиция иштен алынды (видео)

Ошто блогер Бауржан Кадырбековдун сабалышына байланыштуу 10 милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Маалыматка таянсак, дүкөндүн ичинде блогерге жардам бербеген, сыртта жаңжал болгондо унчукпай карап турган милиция кызматкерлери иштен алынган.