МАЕК

Элдин пикири: Атамбаев керт башын гана ойлогон адам экенин далилдеди

Атамбаев

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик укугу алынгандан бери анын кийинки тагдыры күн өткөн сайын татаалдашып бара жатат. Жакында эле ал аргасыз КСДП партиясынан лидерлигинен жана мүчөлүктөн дагы кетти. Айрымдар Атамбаевдин мындай кадамын коркконунан кара башын ойлоп, абройун сактап калуу үчүн барганын айтууда. Коомчулук болсо эмне дейт? Элдин пикири билүүгө аракет кылдык.
Бакыт Сейдакматов, Бишкек шаарынын тургуну: “Атамбаев саясатты коюп, арздашкандарды ынтымака чакырса болмок”

  • Атамбаевдин КСДПдан кандай максатта кеткенин билбейм. Бирок, президенттиктен кеткенден кийин башкаларды сындап, азыркы бийликке каршы сүйлөбөй эле эл атасы болуп, араздашкандарды ынтымакка чакырса болмок. Оппозиция менен позицияны ынтымакка чакырса боло турган даражасы бар эле. Жок эле дегенде элге жакын болуп, кайрымдуулук, пайдалуу иштер менен алек болсо, азыр президенттин жанында жүрмөк.
    Табылды Калмурат уулу, Бишкектин тургуну: “Атамбаев элди эмес, керт башын ойлогон адам экен”
  • Алмазбек Атамбаев КСДПдан чыгып, аргасыздыктан ушул кадамга барды окшойт. Анткени анын кол тийбестиги алынып салынды, ошолкатуу чочутса керек. Буга чейин эл чогулган жерлерде ашыкча кетип, майдаланып, бийликке оппонент болуп келет. Өзү шайлаган, өзү элге сунуштаган президенттин жолун тосуп, акылга сыйбаган иштер менен алек болгону эч кимге жакпай турат. Азыр Кыргызстанга биримдик болсо, мамлекетте өсүп-өнүгүү болот.
    Эламан Өмүрбеков, Талас облусунун тургуну: “Атамбаевди дагы кол тийбестик укугунан пайдаланып жоопко тартуу керек”
  • КСДП бийликке келгенден баштап, экономика өспөй, коррупция болуп көрбөгөндөй күчөп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери абактан чыгарылып, адам өлтүргүч кылмышкрелер эркиндикке коё берилип, Кыргызстанда мыйзам иштебей калган заман келди. Азыр Кыргызстанда алдуулардын, акчалуулардын заманы болуп калды. Ошого азыр коррупция менен каршы күрөш жүрүп жатат. Атамбаевди дагы кол тийбестик укугунан пайдаланып жоопко тартуу керек”