КООМ

Жеке ишкер Рустамбек уулу Советбек 5 баласы менен оор шартта жашаган келинге үй салып берди

Ушул жылдын 25-февралында super.kg сайтына 5 баланын энеси: «Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум — селсаяк» деген аталыштагы видео материал жарыяланган. Аталган видеодо Нургүл аттуу аял 5 баласы менен оор турмушта жашап жаткандыгы баяндалат.
«Алыш» белбоо күрөш федерациясынын вице-президенти Рустамбек уулу Советбек кайрымдуу инсандар жер бөлүп берсе, үй куруп бере тургандыгын айткан. Арадан аз убакыт өткөндөн кийин атын атагысы келбеген дагы бир ишкер жер берип, Советбек мырза үй кура баштаган.
Бүгүн, 28-майда аталган үйдүн ачылышы болуп, Нургүл айымга үйдүн кызыл китеби менен ачкычы тапшырылды.
Советбек мырза башка ишкерлер дагы кайдыгер карабай, коомдогу жардамга муктаж жарандарга кол сунушу керектигин айтты.
«Ар бир колунда бар жарандарыбыз кайрымдуулук иштерин көп кылса, арабыздагы жардамга муктаж адамдардын саны кыкарат», — деди ал.