СПОРТ

Милициянын ага сержанты Яхия Джумар Арлиевичтин жаркын элесине арналган “кичи-футбол” боюнча мелдеш өттү

2019-жылдын 25 жана 27-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын өздүк курамы арасында милициянын ага сержанты Яхия Джумар Арлиевичтин жаркын элесине арналган “кичи-футбол” боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган турнирге 12 команда катышып, мелдеш курч мүнөздө атаандаштык менен өттү. Бардык атаандаштарынан айырмаланып, чеберчилиги менен таанылган ИИМдин МАККББнын –3 жылдан бери биринчи орунду камсыз кылган Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн командасы I даражадагы диплом, алтын медалдар, Кубок жана 7000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Экинчи орунду жеңип алган ИИМдин МАККББнын Бишкек шаардык Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн курама командасы II даражадагы диплом, күмүш медалдар жана 6 миң сом акчалай сыйлыктардын ээлери болушту. Байгелүү үчүнчү орун, коло медалдар жана 5000 сом акчалай сыйлык ИИМдин МАККББнын Талас облустук курама командасына ыйгарылды. Ошондой эле “мыкты дарбазачы” наамына татыктуу болгондугу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Кенжебек уулу Зарылбек, диплом жана 1000 сом менен сыйланды. Мелдештин “мыкты оюнчусу” деген наамга Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Дүйшөнбеков Нурсултан Дүйүшөнбекович татыктуу болуп, ага диплом жана 1000 сом акчалай сыйлык тапшырылды. Турнирдин “мыкты чабуулчусу” деп Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын ага сержанты Биримкулов Жаныбек Каныбекович таанылып, ал дагы диплом жана акчалай 1000 сом менен сыйланды.