САЯСАТ

Алмазбек Атамбаев КСДПдан кетти

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидерлигинен жана партиянын мүчөлүгүнөн кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда КСДПнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, анын төрагалыктан кетүүсүнө экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу кабыл алынган мыйзам себеп болгон.
Экс-президенттер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.