КООМ

Атамбаевдин жансакчысы 5 жылга камалды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга камалды. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн 24-майда Свердлов райондук соту ушундай чечим чыгарган.

Дамир Мусакеев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу » беренесинин негизинде айыпталып жаткан.