КООМ

Айыл чарба министрлиги заманбап менеджерге муктаж

Бүгүн эки министр кетип орду бош калды. Дээрлик иштин көзүн билбегендиктен жумуш ордунан кетишти. Айыл чарба министрлиги боюнча айтсак, жарытарлык бир дагы иш кылган жок. Коомчулуктун көз карашы деле түз эмес. Эми бул минисрликтин ордуна “Бир бол” партиясы квотанын негизинде өзүнүн талапкерин сунуштай алат жана көргөзөт.
Кыргызстандын 63% айыл аймагы түзгөндүктөн, дээрлик бизге иштин көзүн билген чарбачыл министр керек. Биз качан дыйкандарды, өз чарбасын мыкты өнүктүргөн өндүрүшчүлөрдү гана колдогондо, экономикабызга чоң салым кошулуп, ИДӨ кыйла көтөрүлмөк. Биздин өлкөгө айыл чарба министрин татыктуу тандабасак, баягы эле жолдо каларыбыз талашсыз.
“Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу”- деген эр азаматтарды коомчулук билгени менен мамлекеттик кызматка жакындатпай, тааныш билишке салып жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан, азыр бизде татыктуу талапкер деп Бакытбек Мамыткановду айтсак болот.
Урматтуу “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Жогорку Кеңештин депутаттары! Эгер чындап айыл чарбаны өнүктүрүүнү жолго салалы десек, Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин карап көрүңүздөрдү өтүнөбүз!