КООМ

Фарид Ниязов Атамбаевдин аргасы куруп калганын айтууда

Атамбаев
Атамбаев

24-майда өткөн маалымат жыйынында КСДП партиясынын мүчөсү Фарид Ниязов «кожоюнунун» аргасы куруп калганын моюнга алгандай эле болду. Анын айтымында, экс-президент А. Атамбаев учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбековго бир нече жолу жолугуп сүйлөшүүнү сунуштап, бирок аны четке каккан жоопту алган экен.
Демек, АША өзү тийишип, «дагы деле мен мамлекетти каалагандай башкара берем, сен жөн гана менин айткандарымды аткарып турушуң керек» дегендей жасаган мамилесине өкүнүп калганын айтып атабы? Же Бишкек ТЭЦи, Тарых музейи сыяктуу коррупциялык иштер, Дача СУ кырсыгынан улам ачыкка чыккан контрабандалык иштери ачыкка чыгып калганынан улам «Ушул иштеримди жаап бер, ошондо гана мен унчукпай отурам, керек болсо саясаттан кетем, гитара чертип ырдап гана отурам» деп айтыш үчүн жолуккусу келгенин кыйытып атабы?
Анан дагы Фарид мырза «Атамбаев менен карама-каршы туруунун мааниси жок экендигин түшүнгөнчө Сооронбай Шарипович туңгуюкка кептелет», — деп коркуткусу келет. Биринчиден, АШАга азыркы президент карама-каршы турган жок. Болгону коррупцияга каршы катуу туруп атат. Бул күрөштө досун да, тууганын да калкалабай турганын көрсөтүүдө. Экинчиден, А. Атамбаев өзүнүн алты жылда жасаган мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам өзү азыр туңгуюкка отурат. Андыктан туңгуюкта отурган адам башкалардын жасап аткан иши тууралуу эмнени айта алмак эле.