КООМ

Парламентке иргелген гана 2-3 партия келсе, ошондо гана чыныгы парламенттик система ишке ашат

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга таркай турган убакыт жакындап келатат. Ошол убакытка чейин бир нече мыйзамдарды кабыл алып үлгүрүү керек. Өзгөчө шайлоого байланыштуу мыйзамдарды. Андан башка да бир катар мыйзам долбоорлору учурда каралууда.
Негизи кайсы бир партия парламентке келиши үчүн ал шайлоодо 7%дык чекти ашышы керек. Ошондой чекти ашып өткөн 6 партия учурда парламентте отурат. Андай чекти ашып өтө албаган партиялар парламент сыртында калат. Бирок, парламентте 6 партиянын отурушу ыргактуу иштин жүрүшүнө тоскоолдук гана жарата турганы билинип калды. Интрига, кызмат бөлүштүрүү, биринин артын бирин чукуулар өтө көп болуп, анын кесепети өкмөттүн да стабилдүү иштөөсүнө тескери таасир этет экен.
Ошондон улам бул 7%дык чекти 9%ка көтөрүү керек деген да демилгелер айтылууда. Чындыгында бул колдоого ала турган демилге. Эгерде чекти 9%га көтөрсөк, анда парламентке ашып кетсе 2 же 3 гана партия келет. Эгерде 3 партия келсе, анын экөө коалицияга кирип, өкмөттү курашат, бирөө оппозицияда калат. Эки партия эле келе турган болсо, бири бийликте, бири оппозицияда болот. Ушундай эле көрүнүш демократиянын «атасы» делген Америкада да узак жылдардан бери келатканы белгилүү. Ошондо гана чыныгы парламенттик башкарууга жетише алабыз. Ашыкча ызы-чуу жок, чыныгы элдин ишенимине татыган, күчтүү партиялар гана парламентте отурат. Туруктуу өкмөт куралат, туруктуу иш жүрөт.
Тилекке каршы, мындай демилгеге каршы чыгып, алтургай 7%дык чекти 3-5%га чейин төмөндөтүү керек дегендер да чыгууда. Мисалы, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мырза дал ушундай пикирде болуп турат. Демек, ал бул жолку парламенттик шайлоодо 7%дык чекти да аша албай турганына алдын-ала ишенип отурат окшойт. Ал сунуштагандай 3-5%ка төмөндөтө турган болсок, анда парламентке 20 партия тыгылып алат. Ар бир партиядан ашып кетсе 10 же 5-6дан депутат болот. Анан кызмат талашып, өкмөттү жылына эмес, айына алмаштыра башташат. Бизге ошондой башкаруунун кереги барбы?
Баса, ушул эле Бакыт Төрөбаев дагы бир кызык сунушту айтып чыкты. «Судимость деген нерсени алып салыш керек» деди ал. Эмнеге? Анын айтуусуна караганда мурда соттолгон адам деле шайлоого катыша алышы керек экен. Ошондо ал эмнени каңкуулап аткан болот? Же 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо партиясына жалаң «зектерди» топтоп алып аттанайын деп атабы?