КООМ

Бакыт Төрөбаев «Түгөлбай Ата» коомдук фондуна жардам берет


Кыргыз эл жазуучусу, “Көк асаба”, “Кең-Суу”, “Биздин замандын кишилери” сыяктуу белгилүү чыгармалардын автору, академик, Кыргыз Республикасынын баатыры, Түгөлбай Сыдыкбековдун көзү тирүү кезинде өзүнүн уруксаты менен “Түгөлбай Ата” коому түзүлгөн.
Учурда коомду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Анара Эсенгулова жетектейт.
Эл аралык деңегээлде кыргыздардын тилин, маданиятын, каада-салтын даңазалап келаткан бул коомдун кеңсесинин чатырынан суу өтүп, учурда ремонттоого муктаж.
“Сөз — кан чыгарбай өлтүрөт”- деп, кезинде Түгөлбай атабыз бекер жерден айткан эмес. Бишкек шаарына Сыдыкбековдун эстелигин курууга жер берилгени менен ушул убакка чейин курулбай келет.
Бүгүн Бакыт Төрөбаев “Түгөлбай Ата” коомуна барып, кеңсенин абалы, коомдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Төрайымы Анара Эсенгулова бүгүнкү күнгө чейин Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен бир нече ирет жардам сурап, бирок жыйынтык чыкпаганын билдирди.
Эл өкүлү залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековдун адабий мурасы, басып өткөн жолу келечек муунга өрнөк болуп, түбөлүк унутулбаш керектигин айтып, аталган коомго жана улуу жазуучунун айкелин орнотууга жардам көрсөтөрүн убада кылды.
Ал эми Анара Эсенгулова коомдун ишмердүүлүгү менен таанышууга барган Бакыт Төрөбаевге жазуучунун китебин белек кылып, ыраазычылыгын билдирди.