САЯСАТ

Депутат Айтмамат Назаров мандатын тапшырды

«Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды. Ал мандатын тапшырып жаткандыгынын себебин өкмөттүк ишке өтүп жатканы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүнкү ЖК жыйынында билдирди.
Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингди башкарып калышы мүмкүндүгүн айтты.

«Бул абдан чырлуу обьект, аталган ведомствонун ишмердүүлүгү тууралуу көп сын пикирлерди угам. Мен бул мекемени башкарып калсам, ишти өз абийирим менен таза жана жоопкерчиликтүүлүк менен аткарам», — деди Назаров.