КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

УКМК кызматкери пара алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы М.Ю. аттуу жарандан Кыргыз Республикасынын УКМКнын Н.А. аттуу ыкчам-кызматкери Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. 2-б. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-бер. 2-б. 1-п. (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен ага карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн опузалап 350 000 сом өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылгандыгы боюнча арызы келип түшкөндүгүнө байланыштуу, 2019-жылдын 16-майында сотко чейин өндүрүш ишин баштаган. Арыз ээсинин көрсөтмөсүнө ылаыйк, УКМКнын ыкчам-кызматкери 2019-жылдын 15-майында аны менен жолугушууну демилгелеп, анын жүрүшүндө кымбат баалуу сүрөттүн 2013-жылда музейден уурдалган фактысы жана арыз ээсине карата түшкөн арыздар боюнча дагы башка текшерүү иш-аракеттерин жүргүзөөрү менен коркутуп, бардык жүрүп жаткан текшерүүлөрдү токтотуу үчүн андан 350 000 сом акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Аскер прокуратурасы УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-аракеттерин жүрүгүзүү учурунда, 2019-жылдын 17-майында болжол менен саат 14:40 Бишкек шаарында жайгашкан музейлердин биринин директорунун иш бөлмөсүндө УКМКнын бир Башкармылыгынын улук ыкчам кызматкери паранын бир бөлүгүн 50 000 сом акча каражаттын алып жаткан жеринен кармалып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү убагына Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунун убактылуу каромоочу жайына (гауптвахтага) киргизилди. Азыркы учурда бул жазык иши боюнча тергөө жүрүп жатат.