КООМ

Өкмөт башчынын бажасынын «Ачык Өкмөттөгү» айлыгы 5000 евро болгон

Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин айлыгы 5000 евро болгон, бул тууралы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Иманкадыр Рысалиев Аскар Акаевдин пресс-катчысы болгон, кийин министрликке чейин жеткен. Курманбек Бакиевдин учурунда дагы чоң кызматтарда иштеген.

Рысалиевдин уулу «КТ мобайл» компаниясында директордун орун басары болчу. Ишке кире элек компанияда Иманкадыр уулу Эрназар 300миңден ашык айлык алып жүргөн деп айтылат.

Өкмөт башчынын бажасы жана анын уулу КТ мобайл компаниясындагы чырдан улам иштен айдалышкан болчу.



https://twitter.com/ElviraSur/status/1130355366603182081