КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

УКМКнын кызматкери пара менен кармалды

Улуттук коопсузду боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Н.А. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Н.А. 17-майында УКМК Өздүк коопсуздук кзматы жана Аскер прокуратурасы менен биргеликте кармалган.

Кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.