КООМ

Новопавловкадагы мектептин бир мугалими 44878 сом айлык алат

Сокулук районунлагы №1 Чыңыз Айтматов атындагы иновациялык мектебинин директору окуучулардан айына 700 содон чогултуп келген. Ал акчанын кайда жумшалганын сураган ата-энелерге отчет берилген эмес, ага нааразы болгон ата-энелер директор кызматтан кетсин деп талап кылып митингге чыгышкан.
Учурда аталган мектептеги акча чогултуулар боюнча Финансы полициясы, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин редакцияга ата-энелер тарабынан жалданган аудиттин жыйынтыгы келип түштү. Анда Ч. Айтматов атындагы мектепте жетекчилик кызматта иштеген мугалимдердин айлык маянасы көрсөтүлгөн.
Мектеп директору Дилара Абдуллаева Билим берүү министрлигинен «Өнүктүрүү» аталышындагы коомдук фонд үчүн лицензия алгандыгы аныкталган.
2017-2018-окуу жылында директор Д. Абдуллаева мамлекеттен 18801 сом, камкордук кеңешинен 8520 сом, «Өнүктүрүү» фондунан 9360 сом жалпы 36681 сом;
Директордун окуу-табрия иштери боюнча орун басары Елена Пичуревич мамлекеттен 19680 сом, камкордук кеңешинен 8818 сом, «Өнүктүрүү» коомдук фондунан 16380 сом жалпы 44878 сом;
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары З. Турсункулова мамлекеттен 18507 сом, «Өнүктүрүү» коомдук фондунан 15124 сом, жалпы 33631 сом;
Директордун окуу-табрия иштери боюнча орун басары Г. Умаралиева мамлекеттен 17117 сом,
«Өнүктүрүү» коомдук фондунан 33280 сом, жалпы 48964 сом

Директордун окуу-табрия иштери боюнча орун басары Г. Акматова мамлекеттен 16633 сом, «Өнүктүрүү» фондунан 12024 сом, жалпы 28657 сом;
Окуу иштери боюнча жетекчиси М. Логвиненко мамлекеттен 18085 сом, «Өнүктүрүү» фондунан 8424 сом, жалпы 26059 сом;
«Өнүктүрүү» коомдук фондунун башкы бухгалтери В. Зотова 23160 сом айлык алган.
Бул маселе боюнча экинчи тараптын пикирин угуу үчүн жумушунан убактылуу алынып, учурда ооруканада жаткан Д. Абдулаева менен байланышууга мүмкүндүк болгон жок. Эгерде, экинчи тарап пикирин билдирүүнү кааласа, биздин редакция алардын пикирине орун берүүгө даяр экендигин билдиребиз.