КООМ

«КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн депутаттар текшерт

Депутаттар «КТ Мобайл» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшеришет. Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаев «КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү керектигин айтышкан.
Бирок, төрага Дастан Джумабеков тийиштүү комитеттин же фракциянын чечими болмоюн, добушка кое албай турганын айткан.
«Өнүгүү Прогресс» фракциясы атайын чечим кабыл алганын билдирип, добушка коюну Бакыт Төрөбаев суранды. Төрага КСДП фракциясынан да чечим келип түшкөнүн айтты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар «КТ Мобайлдын» ишмердүүлүгүн текшере турган болду.