МАЕК

Аскат Эрбаев: “Жакынкы күндөрдө экинчи неристебизди күтүп жатабыз”

”Министрдин кызынын махабаты” кинотасмасындагы айылдан келип шаардык кыздардын талашына түшкөн Жоробектин образын жараткан Аскат Эрбаев учурда эмне менен алектенет? Жеке жашоосунда эмне жаңылыктар бар? Актёр менен биздин кабарчылар баарлашып, маек куруп кайтты.

Алгачкы суроом актёрдук жылдызыңызды жандырган спорттун түрү тай-цзи менен канча жыл машыктыңыз жана кантип келип калгансыз?
2000-жылы мектепти аяктап, 2001-жылы окууга тапшырып, машыгуу үчүн зал издеп жүрүп тай-цзиге жолугуп калгам. Кичинемден эле кытай гимнастикалырын көрүп, кызыгып жүрчүмүн бирок анда мунун тай-цзи экенин билген эмесмин. Азыркыга чейин бул спорт менен машыгам. Өзүмдүн спорттук залым бар, ал жакта балдарды тарбиялап, ыкмаларды үйрөтөм. Өзүмдүн өмүрүмдү тай-цзи менен өткөрөйүн деп эбак чечим кабыл алып койгом.
Бардык нерсенин оң жана терс жагы болот эмеспи, тай-цзинин терс жагы деп эмнелерди айта аласыз?
Тай-цзинин терс жагын мен билбейм, жалаң оң жактарын көрүп келе жатам. Туура, бардык нерсенин эки жагы болот. Мен бир гана спорттун терс жагы жок экенин байкадым. Спорт бул жакшы нерсе, болгону адам спорт менен туура алектениш керек.
Тай-цзи боюнча мелдештер уюштурулганын көрө элекмин, негизи чемпионаттар болуп турабы?
2001-жылы биз жаңыдан ачылып жатканда бизден башка мектеп жок болчу. Ошол үчүн мелдеш өткөрчү эмеспиз. Учурда Бишкекте бир топ тай-цзи мектептер ачылып иштей баштады. Андан сырткары облустарда да ачылып жатат. 9-апрел Бүткүл дүйнөлүк тай-цзи күнү деп аталат. Дал ушул күнү Тай-цзи цюань боюнча чемпианатар болуп өтөт. Ал жакта башка спорттогудай болуп эки-экиден мушташпай эле адамдын күчтүүлүгүн аныктай алышат. Тай-цзинин негизги принциби- адамга зыян келтирбөө керек жана жактан күчтүү болуусу зарыл. Негизи коңшу өлкөлөрдө да мелдештер өтүп турат. Бирок популярдуу спорттогудай көп өтпөйт. Көпчүлүк тай-цзи боюнча билбеши дагы ошондон улам болуш керек.
Өзүңүз чемпианаттарга катышкансызбы?
Чемпианатка катышуу менин максатым болгон эмес. Менин эң чоң жетишкендигим, чемпиондугум алты саным аман, ден соолугум чың болгону.
Тай-цзи менен машыгууда жашы чектелеби?
Бешинчи класстан жогору алып жатам. Себеби тай-цзи үйрөнүүгө өтө оор, кыймылы жай жана ички духту, чыдамкайлуулукту талап кылгандыктан жаш балдардын эрки чыдабай кетет. Мындай көрүнүш чоңдордун арасында деле болот
Эми үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
Мен 8 бир туугандын алтынчысымын Кудайга шүгүр ата-энебиз маңдайдайыбызда. Баардыгыбыз үйлөнүп, жайланганбыз. Жубайым экөөбүздүн ортобузда бир кызыбыз бар. Буйруса жакынкы күндөрдө экинчи наристебизди күтүп жатабыз.


Чыгармачыл адамдардын көп убактысы изденүү үстүндө өтөт эмеспи. Сиз үй-бүлөңүзгө канча убакыт бөлөсүз?
Мен үй-бүлөмө 24 саат убакыт бөлөм. Себеби мага биринчи орунда үй-бүлө турат. Мейли сыртта мейли жумушта жүрбөйүн көкүрөгүмдө, оюмда үй-бүлөм турат. Кечинде үйгө келгенден кийин болушунча жубайым менен сүйлөшүп, кызым менен ойногонго аракет кылам.
Сизди “Министрдин кызынын махабаты” киносу аркылуу таанышат. Айылдан келген арык чырай, спортчу жигиттин ролун канчалык деңгээлде баалайсыз? Өзүңүздүн аткарганыңыз сизди канаттандырабы?
Жок менин аткарганым өзүмдү канаттандырбайт. Менимче бардык актерлордо ушундай. Бүгүн тартылып, эртең өзүн кинодон көрүп сөссүз бир кемчилдикти табат. Себеби актер дайым изденүү үстүндө жүрөт. Ал эми Жоробектин образы элге жагып, сиңип калганынын себеби, Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан, шаарга жаңып келип орусча билбей, шаардык кыздар менен сүйлөшө албай, кийинүү стилинин начардыгы баардыгыбыздын башыбыздан өткөн.
Жашоодо тартынчаакмын деген жайыңыз бар. Андай болсо кинодогу ачык кадрларды аткаруу оңойго турбаса керек?
Аябай кыйынга турду. Айылда, карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, анан шаарга келе калып эле ошондой ролдорду жаратуу он уктасам да түшүмө кирген эмес. Мага ошончо оор болгондон кийин кызга аябай эле кыйын болсо керек. Сүйлөшүп, бири-бириңерге көнүшүп алгыла деп ошол эпизодду фильмдин эң аягында тартканбыз.
“Министрдин кызынын махабаты 10 жылдан кийин” аттуу кино тартылат деп кулагыбыз чалып калды. Даярдануу иштери кандай жүрүп жатат? Идея кимдики?
Идея эки жыл мурун эле менде пайда болгон. Кинону тартсак деп пландаштырып, ошол эле кинодогу Нурбек экөөбүз билек түрүнө киришип жатабыз. Учурда сценарий жазылып, бүтөйүн деп калды. Бирок, кинону тартуунун майда- чүйдөсү көп болгондуктан даярдануу иштери жүрүп жатат. Буйруса, сценарий жазылып бүтсө жайында тартып баштайбыз.


Өзүңүздү ырчы катары да сынап көрдүңүз. Алдыда дагы ыр жаздыруу планда барбы?
Азыр бир ырга оранжировка кылдырып, үн жаздырып жатам. Буйруса жакынкы аралыкта чыгып калат.
Эмне үчүн “чү” дегенде эле эски ырды ырдап чыктыңыз? Клип качан тартылат?
Эки така мага өтө жаккандыктан биринчи репертуарым ушул болсун деп алгач ушул ырды чыгардым. Башка ырларым баары жаңы, эч ким уга элек. Клипти болсо эми тарталы деп жатабыз. Буйруса жакында тартып баштайбыз.
Акыркы убакта чыгармачылыкка катуу киришип баштадыңыз демөөрчү таптыңызбы?
Жок, мени эч ким каржылабайт. Ишенген демөөрчүм жок. Мени каржылаган бир туугандарым, жакындарым. Негизи адам өзү аракет кылып, алдыга умтулса жыйынтык чыгат. Ошол үчүн демөөрчүм болсо деп жата бериш туура эмес.
Мотивациянын кайдан аласыз?
Мен мотивацияны алганга да, бергенге да кызыкпайм. Мотивацияны берген мативаторлор өзүлөрү ошол нерсени кылбайт. Мен ойлойм мативацияны айтып эмес, өзүнүн жүргөн жүрүшү, турпаты, кылган иши менен бериш кере көрүп эле таасирлене тургандай болуп. Биз деле кичинебизде атабызды көрүп ошондой болгубуз келгендей.
Маегибизди жыйынтыктап, келечектеги спортчу жана актёрлорго кеп-кеңеш берип кетсеңиз?
Ийгиликке ушундай жол менен жеткиле деп акыл үйрөткөндөн алысмын. Жаштарды спорт менен китеп окууга чакырам. Спорт жөнөкөйлүккө, чыдамдуулукка, эрктүүлүккө тарбияласа, китеп акыл-эсти тунартат, калыпка салат. Мен спорттон эң жакшы деп эсептеген досторду таптым. Спорттон эч жаман нерсе көргөн жокмун. Ошол үчүн жаштарды коркпой спортко үндөй алам.
Маегиңизге рахмат, иштериңизге ийгилик!


Автор: Аширбекова Эльвира, Нурматжан кызы Мираида