КООМ

Депутаттар иштебей жатып акча короткон «КТ Мобайлга» нааразы

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар жаңы түптөлүп жаткан «КТ Мобайл» ишканасына нааразылыгын билдиришти.
Депутат Жанар Акаев ишке кирбей жатып, жүз миңден айлык алып жаткан бул компанияны текшерүүгө алуу зарылдыгын айтты.
«Жаңы эле түзүлүп жаткан «КТ Мобайл» компаниясы «мегакомдон» 345 млн. сом алып, эч иш жок ири суммадагы айлык алып жатканы ачыкка чыкты. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүшүбүз керек. Эмне үчүн бир мамлекеттик мекеме экинчи мамлекеттик мекемеден жөн эле 345 млн. сом алышы керек?», — деп суроо салды.
Эл өкүлү бул компаниянын артында өкмөт башчынын жакын туугандары, күйө балдары турганын угуп жатканын кошумчалады.
Ал эми Рыскелди Момбеков болсо, бир кездери иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында «КТ Мобайл» боюнча кылмыш иши козголгондугун аныктаганын айтты.