САЯСАТ

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда, Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы өтүп кеткен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктап, Кыргызстанда дагы «Өлбөс полктун» жүрүшү өткөнүн, ага өзү дагы катышканын эске салды.

Мамлекет башчысы жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити кыргыз-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганына ишеним билдирди.

Ал Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү абдан маанилүү.

«Россия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле региондо жана аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жылуу кабыл алуусу жана туруктуу жолугушуулары үчүн ыраазычылык билдирди.