КООМ

Экс-депутат 7 жылга камалды

Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды.

Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.

Мамлекеттик айыптоо Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, анын жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте тартышын жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.