КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн чыгып кеткендер кармалды

Кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн чыгып кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнини басма сөз кызматынан кабарлашты.
1. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 36жаштагы Д.А. аттуу тургуну 2017-жылдын октябрь айынан бери мурдагы КР КЖК 104-беренесинин (денеге атайлап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Россия Федерациясынын Троицк шаарында качып жүргөн жеринен Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын жана РФ ИИМ Троицкий шаарындагы муниципиалдар аралык бөлүмүнүн кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн иш-аракетинин негизинде кармалып, 2019-жылдын апрель айынын аяк чендеринде Кыргызстандын аймагына алынып келинди.
2. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 55жылкы И.Б. аттуу тургуну мурдакы КР КЖКнын 247-беренесинин (мыйзамсыз наркотикалык заттарды ташуу, сактоо) негизинде кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн. 2019-жылдын 13-14-май күндөрү жүргүзүлгөн «Адам сатуу» ыкчам иш-чарасынын негизинде жогоруда аты аталган жаран Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлеринин Өзбекстан Республикасынын ИИМнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында Өзбекстан Республикасынын Новаи областында качып жүргөн жери аныкталып, кармалды.