КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Жалал-Абадда майор асынып алды

Жалал-Абадда ички аскерлердин майору асынып алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 13-май күнү үй-бүлөсү менен жашаган батиринен анын сөөгү табылган.
Ал №718-аскер бөлүгүндө иштечү, 13-майда 22:00 чамасында денеси табылган.

Аталган факт өз жанына кол салуу деп катталып, аскер прокуратурасы тергөө жүргүзөт.