КООМ

Сарымсактын пайдасын биле жүрүңүз

Ден-соолук – жашоо тиричиликте баа жеткис чоң байлык. Ден-соолуктан ажыраган адамзат коому өнүкпөйт, артта калат.
Бир китепте: «Дарыланууга караганда алдын алуу жакшы»,-деп жазылган. Бирок кандай кылсак да айрым оорулардан кача албайбыз. Ошентсе да оорубуз өтүшүп кетпеш үчүн жана айрым ооруларды алдын алуу максатында көп нерсе кылсак болот.
Жаздын келиши менен күн тийип ошол эле учурда муздак жел уруп, көпчүлүк адамдар ар кандай ооруга чалдыгуусу мүмкүн. Алардын бири сасык тумоо. Сасык тумоого чалдыккан Адам денеси шалдырап, иммундук системасы төмөндөп, эч нерсеге көңүлү жок болуп калат. Бул учурда көпчүлүгүбүз дарыканага жөнөйбүз, ал жактагы дарылар бизге канчалык зыян келтирээрин билбейбиз. Бул учурда табиятыбыздагы баарыбызга белгилүү болгон ачуу даамы, жана жагымсыз жыты сасык тумоого каршы каражат катары колдонулган сарымсак жардамга келет.
Сарымсак- медицинада тастыкталгандай микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк- кантамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат, сасык тумоо, жөтөлгө дабаа. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка, жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөөрү айтылат. Сарымсакка тиешелүү жытты андагы майы жана аллицин заты камсыздап турат. Аллицин табигый антибиотик болуп эсептелгендиктен, бул өсүмдүктүн жыты да пайдалуу.
Сарымсактын курамы: суу, май , углеводдор, кант, С,РР, В1, В2, витаминдери, кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий, цинк, марганец, селен, германий.


Даярдаган: Шадатова Асел