МАЕК

Кадырбек Абдыжапаров: ийгиликке жетүү үчүн эмгекчил жана эрки күчтүү болуш керек

Бишкекте окуп, иштеп жаткан студенттердин башын бириктирип, ынтымагын чыңдап, достугун бекемдеп турган «Ноокен жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Кадырбек Абдыжапаров менен маек курдук.

Кадырбек мырза, эң алгач өзүңүздүн жеке жашооңуз тууралуу учкай маалымат бере кетсеңиз?

Мен 1990-жылдын 2-мартында Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Кыла айылында жарык дүйнөгө келгем. 2012-жылы КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктап, мамлекеттик муниципалдык башкаруу адистигине ээ болгом. 2014-жылы аталган окуу жайдын магистратурасын бүтүргөм. 2015-жылы кыргыз улуттук университетинен юрист кесибин алгам. Студент кезимде «Келечек жаштары» коомдук фондунун активисти катары жаштар арасында активдүүлүктү жогорулатууга салымымды кошуп келгем. 2016-жылдын 11-декабрындагы жергиликтүү кеңештерге талапкерлигимди коюп, көпчүлүк элдин колдоосу менен Момбеков айылдык кеңешинин депутаттыгына шайлангам. Учурда үй бүлөлүүмүн, жубайым экөөбүз 1 уулубузга татыктуу тарбия берип жатабыз. Кесибим менен эмес, жеке ишкерчилик менен алектенип келем.

«Ноокен жаштары» коомдук бирикмесинин түзүүгө эмне түрткү болду?

Борбор калаабыздагы ЖОЖдордо өлкөнүн булуң-бурчунан келген студенттердин жашоосу бир топ көйгөйлөрдү жаратып келээри баарыбызга маалым. Алардын катарында биздин коомубуздун жаштары да жок эмес. Көпчүлүк учурда абитуриенттер кесип тандоодо ката кетирип, тагдырына балта чапкан учурлар да кездешпей койбойт. Азыркы кезде жаштарды колдоп жатабыз деген менен дээрлик ишке аша бербейт. Ошол себептен, жаштар менен болгон алаканы жандантып, алар менен биргеликте бир тоону ашып, бири-бирибизге ар тараптуу көмөк көрсөтүп, ынтымагыбызды чыңдап, достугубузду бекемдейли деген максатта 2015-жылдын 31-майында эң алгачкы жыйналышыбызды өткөрүп, 8 айыл өкмөтүнөн жана 2 шаардан окуган студенттердин борбордо төрага, төрайымдарын шайлап алганбыз.

Аталган коомдук бирикмеси тарабынан кандай иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатат?

Коомдук бирикмебиз түзүлгөндөн тарта байма-бай бир топ иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жетиштик. Алсак, 2018-жылдын 2-февралында Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине студенттер жана жеке ишкерлер тарабынан акча чогултуп, керектүү буюмдарды, азык-түлүктөрдү жана кийим кечелерди алып бардык.
Дал ушул жылдын 15- мартында коомдук бирикме тарабынан студенттерге Кыргыз Республикасынын ЖКга жана Ала-Арча жайлоосуна экскурсия уюштурулду ж.о.э. Ноокендеги мектептерге активисттер Бишкектеги окуу жайлар тууралуу Бактыбек Сыдыковдун материалдык жактан колдоосу менен кененирээк маалымат берип келүүгө жетиштик.

Мындан тышкары «Сен жалгыз эмессиң» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы, тренингдер, «Жаштар таза шаар үчүн» аталышта эстафеталарды өткөрүп келе жатабыз.
Коомубуздун демөөрчүсү ЖКнын депутаты Бактыбек Үсөновичтин демилгеси астында 2018-жылдын 23-декебрында «Көгүлтүр от» аттуу жаңы жылдык кечеси менен эски жылды күзөтүп, жаңы жылды тосуп алдык. Кечээ, 12-май «Интеллект-Баттл» интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Алдыда боло турчу иш-чараларды талкулоо үчүн ыңгайлуу шарттар каралганбы?

Албетте, борборубузда атайын «Ноокен жаштары» коомдук бирикмебиздин офиси бар. Бул жерде алдыда жасала турган иш-чараларды пландаштырууга, ар кандай маселелерди талкуулоого, кошумча сабактарды өтүүгө ыңгайлаштырып, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Офистин эшиги ар бир коомдун мүчөсү үчүн ачык. Кээ бир активисттер бул жерге келүүнү күнүмдүк адаткада айлантып алышкан.

Мыкты лидер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек жана лидер болом деген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Негизи адам баласы ийгиликкк жетүү эмгекчил жана эрки күчтүү болуу керек. Кеңешип кескен бармак оорубайт демекчи, бир ишти баштаардан мурда жакын инсандарым менен кеңешип, чечим кабыл алам. Баштаган ишимди аягына чыкмайынча күнү-түнү изденип, эмгектенем. Алдыга максат коюп, ал максатта жетүү үчүн болгон куч-аракетимди жумшап келем.
Ал эми лидер болом деген жаштар кандай учур, кандай коом болбосун, ошол жердеги кырдаалга баш ийип калбастан, эч кимден эч нерсе күтпөй аны өзгөртүүгө аракет жасап, өзгөрткүлө. Бул кыска жашоодо өзүң өлсөң да, тарых беттеринде из калтыр. Өзгөрүүнү өзүңдөн баштап, сапаттуу билим алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымынды кош.

Эске сала кетсем, биз менен маек курган «Ноокен жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович болду.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык.