КООМ

Меценат Каныбек Туманбаев Аксыда ооз ачар уюштурду

Жеке ишкер, Меценат Каныбек Туманбаев ыйык Рамазан айынын урматына Аксы районунда ооз ачтыруу иш-чарасын уюштурду.

Ооз ачыруу иш-чарасы Кербен шаарындагы борбордук мечитте болуп өттү. Ага район аймагындагы орозо кармаган мусулмандар чакырылган. Ооз ачтыруу иш-чарасына атайын келип катышкан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушев сөз сүйлөп, келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, кыргыз элине ынтымак, биримдик, тынччылык каалап кетти. 

Бул иш чарага район аймагынан 2000 ге жакын тургун чакырылган. Алардын арасында айыл аксакалдары, жаштар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана дин кызматкерлери бар.

Белгилей кетсек, Каныбек Туманбаев бир топ жылдан бери Аксы районуна колунан келген көмөгүн көрсөтүп келет. Каныбек Туманбаевдин колдоосу менен Аксы районундагы бир топ көйгөйлүү маселелер жөнгө салынган.

Иш чаранын катышуучулары Каныбек мырзанын Аксы эли үчүн аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, жакшы тилектерин айтып жатышты. Баягы, Каныбек Туманбаев тууралуу айтылып келген ар кыл сөздөр чындыкка дал келбээрине дагы бир ирет ынандык. Тескерисинче, Аксы эли Каныбектей уулуна ишеним артышаарын, ага ар-дайым тирек болоорун билдирип жатышты…

Эске салсак, Каныбек Туманбаев жыл сайын Рамазан айында ооз ачыруу жана кайрымдуулук иштерин уюштуруп келет.

Иш чаранын жыйынтыгында маркумдарга багышталып куран окулду.