КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Куткаруучулар кыздын өмүрүн сактап калышты

Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42 көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан  кыз киши секирүүгө аракет жасап жатат деген  маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Куткаруучулар үйдүн 5чи кабатынан 4чү кабатына түшүп,  кыздын өмүрүн сактап калышкан, андан соң биринчи кабатка чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 
Куткаруу иштерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Маалымат 11:05 түшкөн, куткаруучулар 11:17 жерине барышкан.