КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

56 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелүүдө

2019-жылдын апрель айларында Кадамжай шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Аталган “Алдамчылык фактысы” Кадамжай РИИБнын автоматташтырылган маалыматтык системасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анда, Кадамжай шаарынын тургуну Д.А. арыз менен кайрылып, арызында Кадамжай шаарынын тургуну ага сырттан тааныш болгон З.А. аттуу жаран, арыздануучунун ишенимине кирип,чыр туудурган жер участогун жана турак үйүнүн тийиштүү документтерин алууга жардам беремин деп, жеңил ой менен акча табуу максатында 10000 сом акчасын алдоо жолу менен алып, ушул күнгө чейин бербей келген. Кадамжай РИИБнүн милиция кызматкерлери жогорудагы фактынын негизинде ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында КР ИИМнин атайын каттосунда турган, мурда бир нече жолу соттолгон Кадамжай шаарынын 56жаштагы З.А.аттуу тургунун шектүү катары кармап, айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жиберилген.