КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

23 жаштагы бала акча уурдап кармалды

Октябрь РИИБинин кызматкерлери шаар тургунунун үйүнө кирип, 2000 АКШ долларын уурдап кеткен жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, шаар тургуну С.Г милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2-апрель күнү 5-кичи райондогу үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 2000 АКШ долларын жана 2750 сомун уурдап кетишкенин айткан.
Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 200-*беренеси «уурулук» менен катталып, тергөө иштери башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган бала кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кармалган Т.В башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.