КООМ

6 айда бир кылмыштын бетин ача албаган тергөөчү

Бишкек шаарынын тургуну Оморалиева Лира биздин редакцияга кайрылды. Ал Ленин райондук ИИБинин тергөөчүсү Баяман Ахмаджанов жазган арызын карабай жатканын айтты.
Анын айтымында, 2018-жылдын 18-ноябрында Фучик көчөсүндө жайгашкан батирине белгисиз жарандар кирип, 2 телефонун уурдап кетишкен. Ленин РИИБинин кызматкерлери келип арыз алып кетишип, ишти Б. Ахмаджанов карай турган болгон.
Арадан 3 ай өтсө да эч кандай чара көрүлбөйт, анан жабырлануучу тергөөчүнүн үстүнөн Ленин райондук прокуратурасына 2019-жылдын февраль айында арыз жазат. Анын арызына прокуратура дагы чара көрбөгөн соң, 2019-жылдын март айында Бишкек ШИИББине тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазган. ШИИББдин тергөөчүсү Ахматов Ислам Ленин РИИБинин тергөөчүсүБаяман Ахмаджановдун үстүнөн жазылган арызды алгач кабыл алуудан баш тарткан. Бирок, жабырлануучунун арызды албаса ызы-чуу кылаарын уккан соң, арызды алууга аргасыз болот. Арызды алганына 2 айдан ашса да, карга карганын көзүн чукубайт демекчи эч канай чара көргөн эмес.
«Ахмаджанов Баяман телеонуңуз учурда Таласта экен деп айтты, бирок аны алып келип бербей жатат. Азыр болсо, ишти Айбек деген тергөөчүгө өткөрүп бергем, ошол карайт деп качып жатат. 6 айда бир ишти аягына чыгара албаган тергөөчүгө жетекчилиги чара көрбөйбү?», -дейт Оморалиева Лира.
Биз бул боюнча экинчи тараптын пикирин угуу үчүн тергөөчү Ахмаджанов Баяманга бир нече жолу телефон чалып байланыша алган жокпуз.