СПОРТ

Спорт тармагына ɵзгɵчɵ кɵңүл бурган Тазабек Икрамов

Ɵлкɵбүздүн алыскы аймактарда спорт комплексттери дээрлик жокко эсе. Анткен менен айылдан чыккан депутаттардын аракети менен курулуп калган спорттук жайларды кɵргɵндɵ кɵңүл кубанат. Мисалы Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Кызыл-Сеңир айылы. Бул айыл Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов чыккан айыл. Эл өкүлүнүн аракети менен курулган бул жайда жыл сайын салтка айланган спорттук иш-чаралар өтүп турат. Айылдын ардагери, билим берүүнүн отличниги Стамкулов Икрам ажынын элесине арналган Эл аралык спартакиада быйыл экинчи жолу болуп өттү. Биз аталган иш-чарага катышып, күбɵ болуп кайттык…

5 мамлекеттен 800 спортчу катышты

Негизинен спорттун грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан мелдеш экинчи жолу жолу уюштурулганына карабай эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан чогулган жалпысынан 800 балбан күрөшкө чыкты. 8 жаштан, 14 жашка чейинки балбандардын күч сынашканын көрсөң көзүң кубанат. Баса, бул 1000 спортчуга ылайыкташкан спорттук залда күн сайын эртеден кечке балдар тынбай машыгууда болуп турушат. Арасынан республиканын деңгээлиндеги чемпиондор дагы бар.

Кызыл-Сеңирдеги чоң майрам

Айылдын спортко ышкыбоз жаштары жөн гана мелдешти көрүү үчүн залга батпай экинчи кабатына чейин чыгышты. Ал эми килемге чыккан балбандарга 11 калыс өзүнүн калыстыгын кылып, ортодо турушту. Мындан сырткары спорттук майрамга конок катары Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Талант Мамытов, Канат Исаев дагы катышты. Майрамдык салтанаттын жаш муундарды тарбиялоодо чоң салымы бар экенин айткан Канат Исаев: “мындай иш чаралар көп-көп өтсө, биздин жаштардын ден-соолугу чың патриот болуп өсөт”-деди. Өз кезегинде сөз алып Асылбек Жээнбеков:-“Сиздери ушундай жакшы майрамыңыздар менен куттуктайм. Мамлекеттин экономикасын көтөрө турган, эртеңки намыска жарачу азаматтарыбыз дал ушул айылдардан чыгат. Элибиздин балдары аман болуп, дайыма спортто жетишкендиктери менен кубандырсын. Жогорку Кеңеш мындай иштерди дайыма колдойт”-деп айтты.

Спортту колдоого алган Тазабек Икрамов…

Кызыл-Сеңир айылынын кулуну, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун демөөрчүлүгү астында өткөн бул майрам эки күнгө созулду. “Чыныгы мыктылар гана жеңишке жетишсин”-деген тилегин айткан эл өкүлү жердештеринде дайыма жакшылык болуусун, спорттун өнүгүүсүн каалайт. Мындан ары дагы кандай гана кызматта турбасын дайыма спортту колдоорун, өзү да спорттун аркасы менен ийгиликтерге жетишкенин кеп кылып өттү. Бул иш чаранын максаты кайсы өлкөнүн балбандары күчтүү экендигин сыноо эмес. Спортчулар бири-бири менен таанышып, достошуп ынтымакта болуусун каалаганын өз сөзүндө эл өкүлү баса белгиледи.

Спорттук мелдеш ынтымакты бекемдейт!
Спорттук мелдешти уюштуруп, кыргыз балбандарын машыктырган Ислам Умурзаковдун айтымына караганда чемпиондор абдан көп болду. “Ар бир салмактын ичинен бирден чемпион чыгат. Таластан, Оштон, Жалал-Абаддан, Россиядан, Казакстандан алтын медаль алып кеткен спортчуларыбыз болду. Балдарыбыз ушинтип атаандаштарын татыктуу жеңип, сыртка чыкканда дос болушса биз максатыбызга жеткен болобуз”-дейт машыктыруучу. Күч атасын тааныбайт дейт кыргызда. Күчтүүлөр жеңип, спортчулар достошкон ушундай мелдештер өлкө аймагында көп болсун.