КООМ

Молдокматов: Биз эл менен бирге эски системаны сындырабыз!

4-майда Нарын облусунда,Нарын шаарынын,райондун тургундары менен. “Замандаш” саясий партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары менен жолугушуп, партиянын “Келечек 4.0” инновациялык программасы менен тааныштырдык.
Жыйындын жүрүшүндө Ж.Молдокматов эски саясий системаны сындырып, жаңы багытта жүрүш жасоо керектигин жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча идеяга бай жаңы муундун саясатка аралаша албай жаткандыгын айтты.

Партия мүчөлөрү лидердин бул сөзүн кубаттап, учурда жалпы элдин ичинде дал ушундай ой-пикирлер бар экендигин баса белгилешти.
Ошондой эле партиянын инновациялык программасы жалпы журтка жеткиликтүү иштелип чыкканын кошумчалашты.