КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кадамжайда мал уурулуктун бети ачылды


2019-жылдын 18-апрель күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Эшме айылынын 73жаштагы тургунунун үйүнөн 2жашар KG 0000756463 сандуу биркалуу, базар баасы 30000 (отуз миң) сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.


Жогорудагы факт боюнча Кадамжай РИИБнүн милиция кызматкерлери кылмыш изин суутпай ошол эле күнү ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Халмион айыл аймагындагы мал базардан жоголгон буканы сатып жаткан жеринен Эшме айылынын 2 тургунун аныктап кармаган. Азыркы күндө бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Уурдалган бука өз ээсине кайтарылып берилди.