МАЕК

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: «Мародерчулук, сасык деген сөздөр Атамбаевдин өзүнө төп эле келип калды»

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Алманбет мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Мекен» партиясын «уурулар, мародерлор» деп күнөөлөп келди. Бул сөздү кантип реабилитация кылып, кутулуш керек?

Тарых деген баарын өз-өз ордуна коет, Кудай Тааланын мыйзамы дегендей. «Мародер», «сасык» деп Атамбаев айткан нерсенин баардыгы айланып келип өзүнө жармашты да. Мына ким мародер болуп чыкты? Атамбаев мародер болуп чыкты. Ким сасык болуп чыкты? КСДП сасык болуп чыкты. Сасык деп саясий мааниде саткындарды айтат, экиге бөлүнгөндү айтат, позициясы жокту айтат, күндүзү бирди, түнкүсүн бирди сүйлөгөндөрдү айтат. Мен ушундайча түшүнөм. Бүгүн ким ошентип атат? КСДПнын саясий кеңеши ошентип атат. Же мен калп айтып атамбы? Демек, өзүнүн айтканынын баары өзүнө барып төп эле келишип калды. Мародерчулук дегенди кандай? Мародерчулук деген – Максим Бакиевдин тегерегиндеги мүлктүн көпчүлүгү кайда кетти? Тегерегиндегилерден чыгат.

Бүгүнкү күндөгү президенттин бир туугандарынын, куда-сөөктөрүнүн таасири кандай азыр? Барбы же жокпу?

Чынын айтыш керек, таасири байкалбайт. Мен мына парламентте жүрбөймбү, парламентте байкалбайт. Эгер мени кошомат кылып атат десеңер, анда Карамушкинадан сурагыла.

Карамушкина айтып эле атпайбы?

Эмне деп айтып атат? Эмне кылып таасир этип атат деп айта алат? Эмне кабинетине чакырып алып, добуш бергиле деп атыптырбы? Кабинетине чакырып, бир маселени чечкиле деп атыптырбы? Мен өзүм деле байкап жүргөн адаммын, азыр мен андай таасирин байкай элекмин.