МАЕК

Кушбак ТЕЗЕКБАЕВ, КСДПнын эски мүчөсү: “Атамбаев – саткындардын атаманы”

КСДП
КСДП
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын 6-апрелдеги жыйынында учурда саткындарга каршы күрөш жүрүп жатканын билдирди. Атамбаев муну менен азыркы бийликти саткын катары көрсөткүсү келип жаткан жокпу?
  • Атамбаевдин максаты элге белгилүү эле болуп калды. Эл деле чыныгы саткын Атамбаев экенин эң жакшы билип турат. Мисалы, биз 2010-жылга чейин эң оор кырдаалда КСДПга чуркап, далай кордуктарга туруштук бергенбиз. Ошондо да Атамбаев үчүн тикебизден тик турганбыз. Бул киши бийликке барганда бизди эле эмес, өзүн бийликке алып барган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да сатып кетти. Жанына болсо шоопурларын, жансакчыларын, катчыларын, кампачыларын топтоп алып, элге өтө чоң кесепеттерди алып келди. Андыктан, мен саткындардын атаманы – Атамбаев деп айтар элем.
  • КСДПнын жаңы Саясий кеңешинин тизмеси жарыяланды. Ага сиздин купулуңуз толдубу?
  • Атамбаев өткөн күнүнөн сабак албаптыр. Тизмге баягы эле өзүнө жакын адамдарды кошо берген. Бычакка сап болуп, элди ынандыра ала турган фигура жок. Бул состав менен алыска бара албайт. Бул эми аргасыз кадам. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барам деп жатат. Аны эл эч качан шайлабайт.
    Жеке мен чыныгы КСДП – Сагынбек Абдрахманов төрагалык кылган партияны эсептейм. КСДП Атамбаевден тазаланды. Эми мурдагыдай чыныгы элдик партияга айланышы керек.