МАЕК

Алишер БАКЫШОВ, КСДПнын эски мүчөсү: “Чыныгы саткын – Атамбаев”

Атамбаев
Атамбаев
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы кездери оозунуп айтканы эле саткынчылык болуп калды. Чыныгы саткын Атамбаев дегендер басымдуу, сиз кандай ойдосуз?
  • Мен КСДПнын көп жылдык мүчөсү катары кимдин саткын экенин эң жакшы билем. Маселен, 2010-жылы саясий кырдаал курч болчу. Ал убакта КСДП үчүн жанын берип, элдин башын бириктирип бир катар маанилүү иштерге керт башыбызды сайып жүрдүк. Акыркы мезгилде, тагыраагы, 2018-жылдын мартында мени кандайдыр бир себептерден улам КСДПнын жыйынына киргизбей коюшту. Ошондон улам Атамбаевге биротоло түңүлүп, андан кол үзүп партиядан өз ыктыярым менен чыгып кеткем. Ошондо бизди Атамбаев сатып кетти. Негизи Атамбаев 2010-жылдагы революцияга чыккан элдин максаттарын уурдап, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сатып кетип, чыныгы саткын экенин далилдеген.
  • Сиздин КСДПнын чыгышыңызга эмне түрткү болду?
  • КСДПнын айланасына азыр башка эле партиядан келген адамдар ээлеп алышты. КСДП үчүн жанын берген биз сыяктуу адамдар четте калып, алардын эмгеги бааланбай эмгектери көз жаздымда калып кетти. Ошого нааразы болгон адамдар мен сыяктуу партиядан кетип жатышат.